Кыргызча Русский       Көрүүсү начарлар үчүн версия
Gerb

Талас райондук мамлекеттик администрациясы

Электрондук дарек
talasraiadm@mail.ru

08.06.2026  09:25

Кароолор:6

Коррупцияны алдын алуу

Коррупцияны алдын алуу

2026-жылдын 8-июнунда Талас районунун прокурорунун жардамчысы Исмайылов Женишбек Акматжановичтин катышуусунда райондук мекеме-уюмдардын жана айыл аймактардын Коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча жооптуу кызматкерлерге кеңейтилген жыйын өткөрүлдү.

Жыйында прокурордун жардамчысы Исмайылов Женишбек “Коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу” боюнча коррупция - кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган жосун, ошого тете коррупциялык укук бузуулардын субъекттери тарабынан өзү же башка адамдар үчүн мыйзамсыз пайда алуу же болбосо мындай пайда сунушун кабыл алуу максатында аларга берилген кызматтык ыйгарым укуктарды же алар менен байланышкан мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу же кызмат адамын ага берилген кызматтык ыйгарым укуктарын же алар менен байланышкан мүмкүнчүлүктөрдү укукка каршы пайдаланууга көндүрүү максатында бул адамга же анын талабы боюнча башка жеке же юридикалык жактарга мыйзамсыз пайданы сунуштоо же берүү экендигин жана башка маалыматтарга кенен токтолду.

Андан соң, Талас райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Асыл Озекеева Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (2025–2027-жылдардагы орто мөөнөттүү мезгилдин I этабы үчүн) 15-главасынын 2-пунктунун 3-пунктчасын аткаруу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы №547-т тескемеси менен бекитилген Коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү боюнча, жогорудагы иш кагаздарды так, сапаттуу аткаруу керектиги боюнча айтып өттү.

Ошону менен бирге, жыйынга келген жооптуу кызматкерлер Коррупцияны алдын алуу ж.б суроолорду прокурордун жардамчысына берип тийиштүү жоопторду алышты. Мындай жыйындар Талас райондук мамлекеттик администрациясында ай сайын өткөрүлө тургандыгын маалымдайбыз.